
Европа өлкөлөрүндө июнь айынын аягында катталган рекорддук температуралардын кесепетинен 10 миңден ашык адамдын өмүрү кыйылышы мүмкүн. Европалык өлүм мониторинги борборунун берген маалыматына ылайык, ушул жылы 26-аптада ашыкча өлүмдүн көрсөткүчү 10 миңден ашык учурду түзгөн, бул бардык жаш курак категориялары арасында байкалган. Өлгөндөрдүн көбү — 65 жаштан жогорку кары адамдар, алардын саны 9 миңден ашык.
Ашыкча өлүмдүн эң жогорку көрсөткүчтөрү Бельгия жана Францияда катталды, ал эми Испания, Нидерланд жана Швейцарияда орто деңгээлдеги өсүш байкалган. Июнь айынын экинчи жарымында Европаны каптаган экстремалдуу ысык бир катар өлкөлөрдө температура 40 градус Цельсийден ашып кеткен.