Бишкекте 11-июлда мамлекеттик мекеме «Кыргызсериал» тарабынан колдоого алынган «Эрезе» аттуу көркөм фильмдин премьерасы өттү. Иш-чара «Ала-Тоо» кинотеатрында болуп, маданият, киноиндустриянын өкүлдөрү жана көрүүчүлөр, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев катышты, ал жараткан командага куттуктоо айтты.

«Эрезе» фильми 28-Шанхай эл аралык кинофестивалында дипломант болуп, эл аралык эксперттерден оң баа алды. Наргиза Дотиева сценарист жана режиссер катары иш алып барса, долбоордун продюсери Гульнара Касмамбетова болду.