Бангладеште селдин учурунда 50дөн ашык адам каза болду

Бангладеште муссондук жамгырлар катастрофалык селдерге жана жер көчкүлөргө алып келип, акыркы жумада 50дөн ашык адамдын өмүрүн алган. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, эки адам дайынсыз жоголгон, деп билдирет Anews.

Эң оор абал Читтагонг округунда байкалууда, жергиликтүү жетекчи Мохаммед Зиауддиндин айтымында, жер көчкү жооготууга 29 адам туш болгон. Селдин натыйжасында 35 миңден ашык тургун үйлөрүн таштап, убактылуу борборлорго баш калкалап кетүүгө мажбур болушкан.