Баткен облусунун башчысы жарандардын кайрылууларын кабыл алат

Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов 14-июлда саат 10:00дөн 12:00гө чейин жарандардын кайрылууларын кабыл алат. Бул мезгилде жергиликтүү тургундар жардам сурап, кызыктырган суроолорун телефон аркылуу бере алышат.

Байланыш номери: 0556-32-33-02. Полпредстводо телефон чалуу белгиленген убакытта гана кабыл алынарын баса белгилешти.