АКШ 12-июлга караган түнү Ирандагы объектилерге кайрадан сокку урду. Бул ушул жумадагы үчүнчү чабуул. Сокку Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) ишемби күнү кечинде стратегиялык мааниси чоң Ормуз кысыгын жапканын жарыялап, Кипр желеги астында сүзүп бараткан контейнер ташуучу кемени аткылагандан кийин урулду.АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Ормуз кысыгы аркылуу өтүп бара жаткан Galaxy кемесине чабуулдун натыйжасында экипаждын бир мүчөсү дайынсыз жоголгонун билдирди....