
Адистер жүгөрүнүн түшүмдүүлүгүн бийик тоолуу шарттарда баалашат
Чон-Алай районунда немис тандоосундагы жүгөрүнү өстүрүү боюнча эксперимент 3,5 гектар аянтта өтүүдө. Аграрлар KBC KASHMIR FAO 390 гибридин уникалдуу табигый-климаттык шарттарга адаптациясын баалоо максатында сынап жатышат.
Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул демилге мал чарбачылыгы үчүн азык базасын жакшыртууга, эң эффективдүү азык өсүмдүктөрүн аныктоого жана заманбап агрономиялык технологияларды киргизүүгө багытталган.
Эксперимент учурунда жүгөрүнүн бийик тоолуу жерде өсүшү, түшүмдүүлүгү жана азыктык мүнөздөмөлөрү изилденет. Эгерде натыйжалар оң болсо, райондун фермерлерине алынган маалыматтарды практикалык колдонуу боюнча сунуштар берилет.
Эксперименттик себүүлөр Чон-Алай районунун жогорку, орто жана төмөнкү зоналарында жайгашкан жана алардын абалы агрономдор тарабынан туруктуу мониторингдин алкагында үзгүлтүксүз көзөмөлдөнүп турат.
Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы мал чарбачылыгы үчүн азыктарды жакшыртууга, алардын өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана айыл чарбасын натыйжалуу кылууга жардам берерин белгиледи.