Кыргызстандын биринчи айымы Айгуль Жапарованын атынан «Алтын балалык» балдар ден соолук комплексида эс алып жаткан балдарга белектер тапшырылды. Мындай кайрымдуулук демилгеси жыл сайын өткөрүлүп, балдарга камкордук, көңүл буруу жана кубанычтуу маанай тартууланат.
Бул жылы өлкөнүн бардык бурчтарынан 8000ден ашык бала «Алтын балалыкта» эс алат деп пландалууда. Алар үчүн толук эс алуу, ден соолукка кам көрүү жана кызыктуу эс алуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн.