Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги биринчи жолу медициналык билим берүү мекемелеринин орто кесиптик билим берүү боюнча мамлекеттик аккредитациясын өткөрдү. Медициналык колледждердин иши 22-июндан 3-июлга чейин бааланган.
Эксперттик комиссиялар колледждердин белгиленген мамлекеттик талаптарга жана стандарттарга ылайыктыгын текшеришти. Аккредитациянын жүрүшүндө адистерди даярдоонун сапаты, кадрдык камсыздоо, материалдык-техникалык база жана билим берүү процессинин окуу-методикалык колдоосу, ошондой эле билим берүүнүн сапатын ички камсыздоо системасынын натыйжалуулугу бааланган.