Жеке ишкерлер, калкка кызмат көрсөтүү менен алектенген, жылдык кирешеси 15 миллион сомдон ашпаса, бирдиктүү салык боюнча нөлдүк ставкадан пайдалана алышат. Бул эскертүү Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы тарабынан берилди.

Ведомстводо белгиленгендей, бул жеңилдик режими бир катар кызмат түрлөрүнө, анын ичинде сулуулук индустриясында, билим берүүдө, ошондой эле кийимди оңдоо жана тигүү тармактарында иштөө үчүн колдонулат.