14-18-июлда Кыргызстанда аномалдуу ысык болот, деп билдирет Кыргызгидромет. Күндуз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө абанын температурасы +38…+40°га жетет. 16-18-июлда, айрыкча, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым райондорунда температура +41…+43°га чейин көтөрүлүшү күтүлүүдө.
Мындай ысыкта ден соолукка кам көрүү маанилүү, күндүн астында узак убакыт болбоо керек, суу жетишсиздигин жана жылуулук соккуларын алдын алуу үчүн. Мындан тышкары, жогорку температуранын терс кесепеттерин минималдаштыруу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн активдүү сугарып туруу сунушталат.
Белгиленген мезгилде өлкөнүн дарыяларында суу деңгээлинин жогорулашы күтүлүүдө, бул жогорку температуранын фонун эске алганда, селдик көрүнүштөргө алып келиши мүмкүн.