КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, камактагы Алга Кылычов абакта айып изоляторуна киргизилди. Бул тууралуу 13-июлда анын жубайы Гүлнур Ниязова “Азаттыкка” билдирди.“10-июль, бешинчи күнү мен №5 мекемеге келип, жолдошума тамак-аш таштап кеткем. Үйгө жеткенден кийин бул жактагы кызматкерлер телефон чалып, “күйөөңүз айып изоляторунда (ШИЗО) экен, бергендериңизди кайра алып кетиңиз” дешти. “Эмне себептен ал жакка киргизди, мен арызданам” десем, “каалаган жериңизге” барыңыз деп айтышты....