Бишкекте синтетикалык наркотиктерди таратуунун каналы жоюлду, деп билдирди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы. Наркотиктердин мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү кызматынын оперативдик кызматкерлери 28 жаштагы эркекти 28 грамм Alpha-PVP наркотиги менен кармашкан. Кармоо 2026-жылдын июнь айында болгон.
Тергөө учурунда кармалган адам коңшу мамлекеттен духовкага жашырылган жүктү алгандыгы аныкталды. Анда жалпы салмагы 1 кг 33 грамм Alpha-PVP наркотиги болгон. Мындан тышкары, анын батиринде дагы 6 грамм ушул зат табылган.