
Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Жети-Өгүз районундагы Кок-Жайык жайытында рейд өткөрүшүп, мыйзамсыз катуу үй-бүлөлүк таштандылар жана саркынды суларды тыюу салынган жерлерге төгүү учурларын аныкташты.
Текшерүүнүн натыйжасында алты административдик протокол түзүлүп, салынган айыппулдардын жалпы суммасы 62 миң сомду түздү.
Рейддин максаты мыйзам бузууну аныктоо гана эмес, жайыттардын абалын көзөмөлдөө, мыйзамсыз таштандыларды жыйноону алдын алуу жана калктын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатуу болду.
Мындан тышкары, инспекторлор жергиликтүү тургундар менен экологиялык мыйзамдарды сактоонун маанилүүлүгү, айлана-чөйрөнү таза кармоо жана таштандыларды, саркынды суларды атайын бөлүнгөн жерлерде туура жок кылуу боюнча түшүндүрүү сүйлөшүүлөрүн өткөрүштү.
Ведомстводо экологиялык нормаларды бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчилик каралганын эскертишти.
