Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинде коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу жана коррупциялык укук бузууларды алдын алуу боюнча аппараттык жыйын өттү. Жыйында Башкы прокуратуранын ыйгарым укуктуу өкүлү Орозбек Бердибаев сөз сүйлөп, учурдагы маселелер боюнча доклад жасады.

Жыйында министрликтин мамлекеттик коррупцияга каршы саясаттын алкагында жүргүзгөн ишинин жыйынтыктары, ошондой эле 2030-жылга чейин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруу маселелери талкууланды. Ошондой эле "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө" мыйзам жана 2026–2027-жылдарга карата маалыматтык коррупцияга каршы саясат программасы жөнүндө сөз болду.