
2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда 2 906 майып жаран санаторий-курорттук дарылоодон өттү. Бул маалымат Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде айтылды. 1-июлга карата дарыланган адамдардын ичинен 674 адам I топтогу майып, 2 013 адам II топтогу майып жана 219 адам III топтогу майып.