Америкалык Марта Лиллард, полиомиелиттин кесепеттеринен жабыркап, дем алуу үчүн «темир белдемчи» колдонгон, 2026-жылдын июнь айында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын эжеси Синди Маквей AP агенттигине берген интервьюсунда билдирди.
Марто өлгөндө 78 жашта болгон. 5 жашында Марта полиомиелит менен ооруп калган, бул оорунун вакцинасы АКШда киргизилгенге эки жыл калганда. Инфекция анын денесинин көп бөлүгүн парализдеген жана дем алуу булчуңдарын катуу жабыркаткан. Лиллард өмүрүнүн көп бөлүгүндө дем алууну камсыздоо үчүн «темир белдемчи» колдонуп келген — бул чоң металл цилиндрдин ичиндеги басымды өзгөртүү аркылуу дем алууга жардам берген аппарат.