Кыргызстандагы 14-июлга карата аба ырайынын болжолун Кыргызгидромет жарыялады. Түнкүсүн Нарын жана Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында кыска мөөнөттүү жамгырлар жана грозалар күтүлүүдө, ал эми Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында айрым жерлерде жаан-чачын болушу мүмкүн. Талас жана Баткен облустары жаансыз болот, бирок Ысык-Көл жана Нарын облустарында жамгырлар күчтүү болушу мүмкүн.
Күндуз аба ырайы окшош шартта болот: Ысык-Көл жана Нарын облустарын камтыган аймактардын көпчүлүгүндө да кыска мөөнөттүү жамгырлар жана грозалар болжолдонууда, ал эми Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым райондорунда кайрадан күчтүү жамгырлар болушу мүмкүн.
Шамал батыштан 4-9 м/с ылдамдыкта эсет, ал эми күндүз айрым жерлерде анын ылдамдыгы 15-20 м/с га чейин жогорулайт.
Аба температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +17...+22
күндуз +34...+39
Талас облусу
түнкүсүн +14...+19
күндуз +31...+36
Баткен облусу
түнкүсүн +17...+22
күндуз +34...+39
Ош жана Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +17...+22
күндуз +34...+39
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +13...+18
күндуз +23...+28
Нарын облусу
түнкүсүн +11...+16
күндуз +21...+26
Бишкекте кургак аба ырайы күтүлүүдө. Шамал батыштан 4-9 м/с. Түнкүсүн абанын минималдуу температурасы +20…+22°, ал эми күндүз максималдуу температурасы +36…+38° жетет.
Чолпон-Атада кыска мөөнөттүү жамгырлар жана грозалар болушу мүмкүн. Шамал дагы батыштан 4-9 м/с. Түнкүсүн абанын минималдуу температурасы +16…+18°, күндүз максималдуу температурасы +23…+25° болот.
Ысык-Көл көлүнүн түндүк жээгиндеги суу температурасы 12-июлда күндүз +22,4°, ал эми 13-июлда таңкы саатта +20,9° болду.