Бишкек шаарында автобус менен 9 жаштагы окуучуну тебелеп кеткен Б.М. аттуу айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы кабарлады.Окуя 13-июль, таңкы саат 9:00дө катталды. Жаш Гвардия көчөсүндө бараткан ZHONG TONG автобусу Рыскулов көчөсү менен кесилишке келгенде жаш баланы тебелеп кеткен. Окуучу жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, ошол жерде жан берген.Жол кырсыгына байланыштуу кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды. Автобус атайын айып...