Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Ысык-Көл облусундагы Кок-Жайык жайытында текшерүү өткөрүштү. Рейд учурунда мыйзамсыз катуу тиричилик калдыктарын жайгаштыруу жана дренаждык сууга уруксат берилбеген жерлерге төгүү учурлары аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында алты административдик протокол түзүлүп, укук бузуучуларга жалпы 62 миң сом суммада айып пул салынды. Бул чаралар экологиялык мыйзам бузуулардын алдын алуу жана региондогу айлана-чөйрөнү коргоого багытталган.