Жаштардын Кыргызстан боюнча волейбол боюнча курама командасы Кытайда өтүп жаткан Азия чемпионатында (U-18) экинчи оюнун ойноду. 13-июлда Бакыт Алиевдин жетекчилигиндеги команда Тайланддын жаш волейболчулары менен беттешти. Оюн тайланддык курама команданын үч партияда жеңиши менен аяктады.
Кийинки оюнда кыргызстандыктар 14-июлда Казакстан командасы менен беттешет. 13-июлдагы экинчи турунун жыйынтыктары: Пакистан Казакстанды 3:0 (25-14, 25-12, 25-9) эсебинде жеңди, ал эми Тайланд менен Кыргызстандын беттеши 3:0 (25-11, 25-16, 25-16) эсебинде аяктады.