Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) “Кыргызгидромет” кызматы шашылыш билдирүү таратып, 14-18-июль күндөрү Кыргызстандын аймагында адаттан тыш ысык аба-ырайы күтүлөрүн эскертти.Бул күндөрү абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 38…40 градуска чейин жогорулайт. 16-18-июлдарда абанын табы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде 41…43 градуска чейин көтөрүлөт.Мындай аптапта организмди суунун жетишсиздигинен жана ысык...