Кыргызстандык боксчу Мурзакир Кошалиев Индонезиянын Джакарта шаарында өтүп жаткан жаштар Азия чемпионатынын финалисти болду. 23 жашка чейинки спортчулар арасында мелдештер ушул шаарда башталды, ал эми жарым финалдык беттештер 12-июлда өттү.

Кошалиев 90 кг жогору салмак категориясында чыгууда, анда беш спортчу катышууда. 10-июлда өткөн баштапкы беттеште ал кореялык атаандашын жеңип, жарым финалга чыкты, ал эми жарым финалда индиялык боксчуну 5:0 эсебинде жеңди.