


56-чы Эл аралык физика олимпиадасы 4-12-июлда Колумбиянын Букараманга шаарында өтүп, Кыргызстан командасы бир күмүш медаль, үч коло медаль жана бир ардак грамота утту. Улуттук командага кирген беш окуучу катышуучулардын бардыгы сыйлыкка ээ болушту, алардын төртөө медаль алышты.
Сыйлыктар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- Күмүш медаль 11-класстын окуучусу Темирхан Салиевге берилди, ал «Газпром Кыргызстан» мектебинин окуучусу, тренерлери Андрей Сидоренко, Тургунбек Омурканов жана Алтынбек Алмурза уулу тарабынан даярдалган;