Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине учкай маек куруп, Ысык-Көлдөгү "Алтын балалык" борборунда өзүнүн кызы Жанайым Жапарованын балдарга белек таратып жаткан видеосуна байланыштуу түшүндүрмө берди.Мамлекет башчы аталган борбордо эс алган балдарга жубайы Айгүл Жапарова соңку үч жылдан бери барып, белектерди апшырып келерин билдирип, бул ирет анын колу бошобой калганы үчүн кызын жөнөтүп койгонун билдирди:“Эч кандай пиар дагы эмес, саясатка аралаштыруу дагы...