Кыргызстан Республикасынын Билим берүү министрлиги мектептерге балдарды электрондук каттоо боюнча экинчи этаптын улантылышы тууралуу маалымдайт. Бул этапта ата-энелер жашаган жери боюнча чектөөсүз, бош орундар менен билим берүү мекемесин тандай алышат жана өз балдарын каттай алышат.

Учурда экинчи этаптын алкагында 121 миңден ашык бала катталды. Бул окуу жылында 1-класска 193 318 орун каралган.