Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-июлда журналист Алтынай Арстанбекова өкүм чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаты Бакыт Автандил Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлады.Анын айтымында, сот журналистти Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү – "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" боюнча айыптоого негиз жок деп таап, актады. Сот ушул эле кодекстин 327-беренеси – “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” боюнча айыптуу деп таап, Арстанбековага 100 миң сом...