Орусиянын Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев 13-июлга караган түндөгү дрон чабуулдарынан үч киши каза таап, бешөө жараат алганын билдирди. Анын айтымында, облустун үстүнөн 81 дрон атып түшүрүлдү. Истрадагы Пионерский кыштагында үч киши өлүп, бешөө жаракат алды. Беш жер тамда өрт чыкты. Солнечногорскиде көп кабаттуу үйгө дрон тийип, эки киши жабыркады. Имараттын дубалыны зыян келтирилип, айнектери күбүлдү. Бабкино кыштагында да жер тамдар зыянга учурады.Орусиянын Ставропол...