Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү боюнча келишим Кыргыз Республикасы менен Ислам Республикасы Пакистан арасында күчүнө кирди. Документ 2025-жылдын 4-декабрында Исламабадда президент Садыр Жапаровдун расмий визити учурунда кол коюлган. Бул тууралуу өлкөнүн Генералдык прокуратурасы билдирди.

Келишим Кыргызстан менен Пакистан ортосундагы кылмыш укугу боюнча эки тараптуу мамилелерди бекемдөө үчүн маанилүү кадам болуп саналат.