Сокулук районунда жоголгон 21 жаштагы жигитти издеп жатышат
Сокулук районунда милиция 2005-жылы туулган Ильяс Абдуллаевди издеп жатат, ал 12-июлда жоголгон. Жергиликтүү укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, ал Ак-Жол айылынан таңкы 5:00 чамасында чыгып кеткен жана ошол убактан бери анын кайда экени белгисиз.

Жоголгон жигиттин кыска чачы, жоон кашы, күрөң көздөрү жана кашынын үстүндө шрамы бар. Жоголгон күнү ал сиви футболка, сиви шым жана көк сандал кийип жүргөн.