Кабмин ГСМдин үзгүлтүксүз жеткирүүлөрүн камсыздоону тапшырды
Ички рынокты нефть продукттары менен камсыздоо маселелери боюнча жыйын премьер-министр Адылбек Касымалиевдин жетекчилигинде өттү. Жыйындын жүрүшүндө күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы кырдаал, ошондой эле Кыргызстандагы нефть продукттарын жеткирүү жана запастарды түзүү маселелери талкууланды.

Жыйналышка катышуучулар өлкөгө отундун туруктуу жеткирүүлөрүн камсыздоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурушту. Бул боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга жана уюмдарга рынокту көзөмөлдөп, пайда болгон көйгөйлөргө ыкчам жооп берүү тапшырылды.