Чон-Алай районунда, Кашка-Суй айыл өкмөтүндө, жаңы «Мин-Жар» каналынын курулушу активдүү улантылып жатат. Бул инфраструктуралык долбоор сугат жерлерин кеңейтүүгө жана региондогу айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган.
Минводсельпромдон алынган маалыматка ылайык, долбоордун негизги максаты мурда сугат суу менен камсыздалбаган, аз өндүрүмдүү жана пайдаланылбай жаткан жайыттарды айыл чарба айланасына тартуу болуп саналат.