Баткенде Сейдалиев көчөсүндө үч кабаттуу коммерциялык имараттын подвалын куруу процессинде мыйзам бузулуулары аныкталды. Текшерүү иштеринин жыйынтыгы боюнча, курулуш иштеринин башталышы зарыл уруксаттарсыз жана Объектилердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине каттоосуз жүргүзүлгөнү белгилүү болду.
Курулуш министрлиги шаар куруу жана архитектура боюнча мыйзамдардын олуттуу бузулууларына көңүл бурду. Натыйжада, мыйзам бузган жаран И.С.И. боюнча административдик мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлүп, ага 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.