Президент: Мен балдарымды мамлекеттик иштерге тартпайм


Президент Садыр Жапаров социалдык тармактарда анын кызы Жанайым "Алтын балалык" реабилитациялык борборунда балдарга белектерди тапшырып жаткан видеонун пайда болушуна комментарий берди. "Кабар" агенттигине берген интервьюсунда ал бул окуянын пиарга же балдарды саясатка тартууга эч кандай тиешеси жок экенин белгиледи.