Бишкекте автобустун айдоочусуна кол салынды. Эркек киши кармалды
Бишкекте милиция кызматкерлери жеңил автоунаанын айдоочусу менен №2 маршруттагы автобустун айдоочусу ортосундагы конфликттин катышуучусун кармашты. Окуя 13-июлда Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде орун алып, социалдык тармактарда тез тарап кеткен видеотасма аркылуу кеңири резонанс жаратты.

Кадрларда жеңил автоунаанын айдоочусу автобуска жакындап, айдоочуну ачык терезеден кийиминен кармап турганы көрүнөт, бул укук коргоо органдарынын кийлигишүүсүнө себеп болду.