Социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандын куштарды кармоо моментин тарткан видео тараганы боюнча, укук коргоо органдары ыкчам иш-чараларды өткөрүштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди.

Операциянын жүрүшүндө видеого тартылган чет өлкөлүк жарандын жеке маалыматы аныкталды. Ал кармалып, Ак-Тал районунун ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.