Тизгинди айлант – сыйлык ал, Бишкек мэриясында демилге көтөрүлдү

Бишкек мэриясында муниципалдык кызматкерлер арасында велосипед маданиятын өнүктүрүү боюнча жаңы демилге башталды. Проекттин негизги максаты — шаардагы тыгындар жана абанын булганышын азайтуу, чиновниктерге жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине жумушка велосипед менен барууну сунуштоо.


Бул демилгеде катышуу ыктыярдуу. Кызматкерлерди мотивациялоо үчүн ар бир квартал жана жылдын жыйынтыгы боюнча сыйлыктар каралган.


Проект мамлекеттик кызматкерлердин физикалык активдүүлүгүн жакшыртууга гана эмес, Бишкек шаарында велосипедтин эффективдүү транспорт каражаты боло турганын шаардыктарга көрсөтүүгө багытталган, демилгени мэриядан белгилешти.


Сүрөт www