Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык автобустун катышуусунда адам өмүрүн алган жол-транспорт кырсыгына байланыштуу чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, №34 каттамын тейлеген Zhong Tong үлгүсүндөгү автобустун айдоочусу Рыскулов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына бурулуп жатып, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп жаткан баланы сүзүп кеткен. Алган оор жаракаттарынан улам бала окуя болгон жерде каза...