13-июль түштөн кийин жана кечинде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Ала-Бука райондорунда, Кочкор-Ата жана Майлуу-Суу шаарларында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) аймактык башкармалыгы кабарлады.Ноокенде 417 турак үйдүн короосун суу каптады, анын ичинен 80 турак үйдүн ичине кирди. 4 коомдук тамактануучу жай (кафе), 1 мечит, 5 унаа оңдоочу жай, 2 унаа жуучу жай жана 1 бала бакчанын короосу сел сууларынан жабыркады.Кочкор-Ата шаарында...