
Түштүк борбордо өткөн баштапкы консультациялык жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, мэриянын, тиешелүү мамлекеттик органдардын, илимий коомчулуктун, жарандык сектордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чогулушту. Иш-чаранын негизги максаты катышуучулардын приоритеттерин макулдашуу жана табигый кырсыктардын кесепеттерин эффективдүү алдын алуу жана минималдаштыруу үчүн этап-этабы менен иш-аракеттер планын иштеп чыгуу болду.