2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионаты Канада, Мексика жана АКШда өтөт, 15-июлга караган түнү биринчи жарым финал өткөрүлөт.
Арлингтондогу AT&T аренасында Франция жана Испания командалары беттешет. Оюн Бишкектин убактысы боюнча 01:00дө башталат.
Франция командасы турнирдеги бардык оюндарында жеңишке жетип, ийгиликтүү өттү: Сенегалга каршы (3:1), Иракка (3:0), Норвегияга (4:1), Швецияга (3:0), Парагвайга (1:0) жана Мароккого (2:0) каршы. 6 оюнда 8 гол киргизген чабуулчу Килиан Мбаппе бомбардирлер жарышында Лионель Месси менен биринчи орунду бөлүшүүдө.