Түнкү саат 02:00 чамасында Ноокен районунун аймагында күчтүү жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, бир нече турак үйлөр жана социалдык объектилер суу астында калды. Аймактагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнөн алынган маалыматка ылайык, облустун орун басары Исламбек Увайдуллаев пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн оперативдик штабдын жыйынын өткөрдү. Ал тиешелүү мекемелердин жана ишканалардын жетекчилерине селдин кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле келтирилген зыянды баалоо боюнча көрсөтмөлөрдү берди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, селдин кесепетинен 466 турак үйдүн короолору жабыркаган. Суу 76 үйдү каптап, үч турак үйдүн подвалдарына кирген.
Суу каптоочу аймакта 1 бала бакча, 1 мечит, 4 тамактануучу жай, 5 автоунаа оңдоо жайы жана 2 автоунаа жууучу жай бар.