Уфа (Россия) шаарында СНГ өлкөлөрүнүн салык кызматтарына кардарларды тейлөө принциптерин киргизүүгө арналган жумушчу топтун жыйыны өттү. Иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Армения, Беларусь жана Россиянын салык органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле СНГнин Аткаруу комитетинин кызматкерлери катышты.
Жыйында катышуучулар салык органдарынын ишинде кардардык мамилелерди киргизүү боюнча тажрыйба алмашышты. Стратегиялык документтерди ишке ашыруу, мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу, санариптик кызматтарды өнүктүрүү, жасалма интеллект технологияларын колдонуу жана салык төлөөчүлөр менен байланыш каналдарын жакшыртуу маселелери талкууланды. Ошондой эле салык кызматтарынын кадрдык потенциалын даярдоо жана өнүктүрүү маселелери күн тартибинде болду.
Мындан тышкары, СНГ өлкөлөрүнүн салык органдарынын кызматкерлерине бирдиктүү кардардык маданиятты өнүктүрүү боюнча биргелешкен окутуу программасын иштеп чыгууга басым жасалды. Кыргыз делегациясы салык төлөөчүлөр менен байланыш системасы тууралуу маалымат берди. Видеофиксацияны тейлөө борборлорунда колдонуу тажрыйбасы мамлекеттик кызматтардын сапатын жана ачыктыгын жогорулатууга жардам берери кызыгуу жаратты.
Делегация ошондой эле салык кызматтары менен жарандар ортосундагы кардарларды тейлөө жана өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга багытталган стратегиялык документтердин негизги жоболорун ишке ашыруу боюнча маалымат бөлүштү.