Би-Би-Синин орус кызматы менен "Медиазонанын" журналисттери жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, Украинада орус армиясынын катарында согушуп жүрүп каза болгон Кыргызстандын кеминде 89 жаранынын аты-жөнү аныкталды.Иликтөөнүн авторлору белгилегендей, жалпысынан дүйнөнүн 40тан ашуун өлкөсүнөн келген 1 285 чет өлкөлүктүн тек-жайы аныкталган.Алардын арасында Казакстандын 339, Өзбекстандын 229, Тажикстандын 199 жана Кыргызстандын 89 жараны бар.Ошондой эле Азербайжан, Куба, Непал, Индия,...