Беларустун лидери Александр Лукашенко Өзбекстандын эмгек мигранттарын үй-бүлөсү менен кошо Беларуска көчүп келип иштөөгө чакырды. Ал бул тууралуу 8–9-июлда Минск шаарында расмий сапар менен жүргөн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушууда айтты.«Өзбекстанда суу тартыш. Жер дагы көбүрөөк болсо жакшы болмок. Ал эми Беларусда мунун баары бар. Бизде болсо жумушчу күчү жетишпейт. Өзгөчө өзбекстандыктар үй-бүлөсү менен келип, ушул жерге отурукташса, медициналык жардам алып,...