Муниципалдык администрация Бишкек шаарынын Октябрь административдик районунда Ынтымак-2 паркынын жарым-жартылай реконструкциясы үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган маалыматка ылайык, бул иштер үчүн бөлүнгөн жалпы сумма 19 миллион сомго жакын.
Сатып алуу процедурасы чектөөсүз форматта эки пакет методун колдонуу менен өткөрүлөт. Тендердин жеңүүчүсү сунуштарды стандарттык баалоо негизинде аныкталат.
Кызыкдар жеткирүүчүлөрдөн арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 27-июлуна чейин, саат 12:00гө чейин ачык болот.