Блогер Алтынай Арстанбекованы бошотушту

Сот ага 100 миң сом айып пул салды, бийликти басып алууга чакыруулар үчүн



Бишкектин Первомай райондук соту блогер Алтынай Арстанбекованы бошотту, анын адвокаты Бакыт Автандил билдирди. Сот аны КРнын Кылмыш кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүмү боюнча экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу боюнча актады.


Ошентсе да, 327-берененин 2-бөлүмү «Коомдук бийликти күч менен басып алууга чакыруулар» боюнча ал күнөөлүү деп табылып, 100 миң сом айып пул салынды.


Алтынай Арстанбекова 11-мартта кармалганын белгилеп өтүү керек. Тергөө учурунда ал Facebook’та «Даниэль Жоошбаев» деген фейк аккаунтту колдонуп, мамлекеттик бийликти каралаган жана өлкөдөгү коомдук-саясий чыңалууну күчөтүүчү материалдарды таратканы аныкталган.


Сүрөт www