14-июлда “Социал-демократтар” партиясынын лидери, камакта жаткан Темирлан Султанбеков Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы отурум башталар алдында журналисттерге учкай комментарий берип, соттук ишти ачык кароону талап кылды.“Биздин ишибизди 62 тергөөчү сегиз ай тергеди. Ташиевдердин ишин эки ай тергеп, соттук иши бир айда бүттү. Биздикин сегиз ай тергеп жатышат. 62 тергөөчү тергеген бул кандай иш? Эми келип, сотто биздин күнөөбүздү ачык далилдеп беришсин. Биз эч нерседен качпайбыз, ачык...