
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына маданият кызматкерлерине ипотека аркылуу турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгү берилет. Бул тууралуу Биринчи радио эфиринде «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди. Ал мурда министрликтин кызматкерлери ипотекалык кредит аркылуу батирлерди этап-этабы менен алууга мүмкүнчүлүк алышканын белгиледи.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Мамлекеттик ипотекалык компания менен биргеликте кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу боюнча активдүү иш алып барууда. Бул кызматташтык алкагында кызматкерлер ГИК аркылуу батирлерди алуу үчүн кезекке турууга мүмкүнчүлүк алышат. Министр өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн юбилейине байланыштуу көптөгөн кызматкерлердин өз турак жайына ээ болушуна үмүт артарын билдирди.