Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы (ЖАМК) КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, №27 абакта камалып жаткан Алга Кылычов айып изоляторуна киргизилгени боюнча маалымат таратып, буга түшүндүрмө берди.Мекемеден белгилешкендей, соттолуучу жаза өтөө маалында ички тартиптин эрежелерин көп жолу бузган, ошого жараша ага дисциплинардык чара колдонулган. Анын ичине бир нече ирет сөгүш берилип, айып изоляторуна киргизилген.“Соттолуучу А.К. абактын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбегени,...