






Бишкекте маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин имаратынын реконструкциясы уланууда. Министр Мирбек Мамбеталиев бул тууралуу «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» медиапроектинин алкагында билдирди. 1930-жылдары курулган имарат «Ак үй» деген ат менен белгилүү жана жарым кылымдан ашык капиталдык ремонтко алынган эмес, болгону косметикалык жаңылануулар жасалган.
Министрдин айтымында, имаратта электр зымдары, өрт коопсуздугу системасы жана вентиляция жабдуулары толугу менен жаңыланууда. Жумуштардын жүрүшүндө чирип кеткен жыгач балкалар табылды, алар алмаштырылат. Капиталдык ремонтко болжол менен 176 млн сом каралган. Ремонттук иштерди «Кыргыз курулуш» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.